Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев белгилүү теолог Кадыр Маликовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-январда, белгилүү теолог Кадыр Маликовду кабыл алды.

Жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаев жана теолог Кадыр Маликов өлкөдөгү диний кырдаалды, террроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар көрүп жаткан чараларды, ошондой эле диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын турмушка ашырылышын талкуулашты.

Мамлекет башчысы экстремисттик багыттагы кылмыштардын алдын алууда жана өлкө жарандарынын коопсуздугуна келчү коркунучтарды болтурбоо чараларын өз убагында көрүүдө эксперттик коомчулуктун ролу өзгөчө экендигин баса белгиледи.

Теолог Кадыр Маликов ага дарылануу учурунда көрсөтүлгөн колдоосу жана жардамы үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди.

2016-жыл 25-январь