Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаук Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаук Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүккө жетишкенден баштап, биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда интенсивдүү жана көп кырдуу мамилелер өнүгө баштады. Германия Сиздин өлкөңүздүн  демократияны жана укуктуу мамлекет принциптерин мындан ары да бекемдөө жолуна түшкөндүгүн жана ошондой эле ар улуттуу элдердин ынтымакта жашоо процессин колдойт», - деп айтылат Йоахим Гауктун куттуктоосунда.

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти быйыл өтө турган парламенттик шайлоолор өлкөнүн туура жолдо өнүгүшүнө салым кошоруна ишене тургандыгын билдирди. «Мен 2015-жылдын апрелинде биздин ортобуздагы мамилелерибизди чыңдаган жана ага жаңы дем берген Сиздин Германияга визитиңиздин жүрүшүндө болгон экөөбүздүн маектешүүнү канааттануу менен эстейм, Германия Федеративдүү Республикасы мындан ары да Кыргызстандын конструктивдүү жана ишенимдүү өнөктөшү бойдон калат», - деп белгиленет куттуктоо телеграммада.

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаук Президент Алмазбек Атамбаевге тынччылык жана ден соолук, Кыргызстандын элине – эркиндикти, бакубатчылыкты жана ийгилик каалады.

2015-жыл 29-август