Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстандын келечеги кең, анткени адамдык зор потенциалга ээ”

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 27-августунда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында  Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын  мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы  200 миңден ашуун адамдын ичинен 46 студент талыкпаган эмгеги жана окууга жасаган жооптуу мамилеси үчүн президенттик стипендияга татыктуу болгондугун белгиледи. Президент студенттерди куттуктап, аларды тарбиялаган окутуучуларына жана ата-энелерине  ыраазычылык билдирди.

“Билимди ар дайым баарынан бийик коюш керек. Кандай гана иш болбосун  билим аны алдыга жылдырат. Муну эч качан эстен чыгарбагыла.  Биздин келечегибиз – силерсиңер. Кыргызстандын келечеги кең, анткени адамдык зор потенциалга ээ”,- деп кайрылды Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан  бюджетинин негизги бөлүгүн билим берүүгө жумшаган өлкөлөрдүн бири экендигин баса белгиледи. “23,4% же республикалык бюджеттин жалпы көлөмүнүн төрттөн бир бөлүгү билим берүү системасына жумшалат. Дүйнөдөгү бир дагы өлкө  бюджеттик каражатынын мынчалык көлөмүн билим берүүгө сарптабайт. Бирок, биз туура кылып жатабыз деп эсептейм. Биздин келечегибиз  - билим берүүдө. Бизде нефть жана газ жок. Биздин негизги ресурсубуз – адамдар. Өлкөнүн өнүгүшүн дал ушул адамдык потенциал аныктайт. Ошондуктан биз  ушул жылдардын аралыгында  адамдарга, күчтүү жарандык коомго басым жасап жатабыз. Бул  багытыбыз өзүн актап келетат”,- деп билдирип, Алмазбек Атамбаев  өлкөбүздүн адамдык потенциалын өнүктүрүүгө көбүрөөк инвестиция жумшоо керектигин  кошумчалады.

 Мамлекет башчысы студенттер президенттик стипендияга татышы алардын мүмкүнчүлүгү кенен экендигинен кабар берип тургандыгын белгиледи. “Кыргызстан  силер менен сыймыктанат. Анткени силер жаш кезиңерден  тапшырылган ишиңерге – окууга жооптуу мамиле жасайсыңар”,-деп чечмеледи Алмазбек Атамбаев.

Президент белгилеп кеткендей, билим жана өндүрүмдүү эмгек Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө. “Эртең «Датка – Кемин» электр линиясынын жана «Кемин» 500 кВ подстанциясын расмий ачуу салтанаты өткөрүлөт. Биз буга чейин коңшу мамлекеттерге көз каранды болчубуз, өз электр энергиябызды кошуна өлкөлөр аркылуу алчубуз. Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Мындан тышкары  «Талды-Булак Сол жээк» алтын комбинаты ишке киришет. Башка  алтын кен иштетүүчү ишканаларыбыз иштей баштайт. Ошентип бюджеттин киреше бөлүгү көбөйөт, ошондо биз мугалимдердин жана медиктердин айлык акыларын жогорулатып, башка маселелерди чечүүгө шарт түзүлөт”,- деди Алмазбек Атамбаев.

“Мен келечекке зор ишеним  менен карайм. Биздин максатыбыз анык, кайда, кандай жол менен барышты так билебиз. Негизгиси – биздин силердей татыктуу жаштарыбыз бар. Мен ушундай мыкты адамдары бар өлкөнүн президенти болгонума сыймыктанам. Биздин элибиз абдан пассионардуу. Негизгиси ушул энергияны революцияларга эмес, жаратмандыкка багыттоо зарыл. Акырындык менен элибиз бул күч-кубатты керектүү  нукка буруп жатат. Ошол эле мезгилде мамлекет өз алдынча иш жасайм дегендерге жол ачышы керек. Искусстводо болобу, бизнестеби же дыйканчылыктабы, айтор бардык тармакта”,- деди Президент.

Мамлекет башчысы жаштарды турмуштук түрдүү кыйынчылыктарга карабастан, өлкөнүн татыктуу жарандарынан болууга чакырды. ”Эл көзүнчө гана таза жана ак ниет көрүнбөй, өз абийириңер алдында дагы таза болууга умтулгула. Себеби эртеби, кечпи баары айкын болот. Силер  Кыргызстандын  таза, билимдүү, маданияттуу, кесипкөй жана жаратман элитасы болушуңар керек”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев  жаштарды  күзүндө өткөрүлө турган өлкөбүздүн парламентине шайлоолордо добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды. “Жогорку Кеңешке шайлоолор  абдан чоң мааниге ээ. Эгерде силерди  Кыргызстандын тагдыры тынчсыздандырса, бул шайлоолордо добуш берүүгө катышышыңар керек.”,-деди Президент.

Мамлекет башчысы  башка  мамлекеттерде шайлоолордо жарандардын биометрикасын ийгиликтүү пайдаланып жаткан тажрыйбасын мисалга келтирип, маалыматтарды биометрикалык каттоо Кыргызстанда  таза жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө көмөктөшөөрүн эске салды. “Биз четте карап турбашыбыз керек. Бул биздин өлкөбүз”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Сөзүнүн акырында Президент  студенттерге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана өжөрлүктү каалады.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөнүн  жогорку окуу жайларынын мыкты 46 студентине  50 000 сомдон стипендия тапшырды.

2015-жыл 27-август