Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Занньер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта  Кыргызстанга расмий сапар менен келген Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун (ЕККУ) Башкы катчысы Ламберто Занньер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстан менен ЕККУнун ортосунда кызматташуу маселелери, түрдүү чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ищке ашырууда мындан ары биргелешкен аракеттин келечеги, ошондой эле аймактагы коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Занньерди жылуу кабыл алып, кызматташуу ырааттуу өнүгүп жаткандыгын жана  көп тармактарда социалдык багыттагы конкреттүү долбоорлор ишке ашкандыгын белгиледи. “ Биз ЕККУнун Бишкектеги борбору менен активдүү жана биргелешип иштешип жатабыз, ЕККУнун түзүмдөрү Кыргызстанга ар дайым колдоо көрсөтүп келгени үчүн абдан ыраазыбыз. Парламенттик    шайлоо алдында  Сиздин келишиңиз Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ. Сиз менен Вена шаарындагы жолугушуубуз, маңыздуу сүйлөшүүлөрүбүз менин эсимде”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы    демократиялык институттарды  өнүктүрүү, парламенттик демократияны чыңдоо, коррупцияга каршы күрөшүү, сот жана шайлоо системаларын реформалоо боюнча Кыргызстанда жасалып жаткан иш-аракеттер туурасында айтып берди. “Кыргызстандагы  парламенттик  шайлоолорго байкоочуларды жөнөтүү тууралуу ЕККУнун чечимине  абдан ыраазыбыз. Анткени, биз парламенттик шайлоолорду  таза жана ачык-айкын өткөрүүгө умтулуп жатабыз. Парламенттик шайлоолор кийинки президенттик шайлоого өзүнчө бир  көрсөткүч болуп калсын деген ойдобуз”,-деди  Алмазбек Атамбаев.  

ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Занньер өз кезегинде  жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Уюм парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын жакшы демилгелерин, ошондой эле өлкөдө ишке ашырылып жаткан демократиялык кайра түзүүлөрдү колдоорун  баса белгиледи. ”Мен Кыргызстандын демократиялык өзгөрүүлөрдүн  көч башында калууга умтулуусун жана өлкөдөгү демократиялык процесстерди байкап, ыраазы болдум”,- деди Ламберто Занньер.

ЕККУнун Башкы катчысы Уюмдун узак мөөнөттүү байкоочуларынын командасы  Кыргызстандын референдумдарды жана шайлоолорду өткөрүү боюнча Борбордук  комиссиясы менен абдан тыгыз иштешип жаткандыгын маалымдады. “Бардык шайлоо процессин камтыш үчүн ЕККУ тарабынан 350 байкоочуну ишке тартуу боюнча олуттуу максаттар коюлуп жатат”,- деди Ламберто Занньер.

Ал    башка өлкөлөрдөгү жакшы тажрыйбаны улай Кыргызстанда шайлоолордо жарандардын биометрикалык маалыматтарын пайдалануу менен өткөрүү тууралуу чечимди колдоорун билдирди.

Жагдайдан пайдаланып, ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Занньер Президент Алмазбек Атамбаевди  алдыда белгилене турган Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Жолугушууга  ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капинос жана  ЕККУнун конфликттерди алдын алуу боюнча борборунун өкүлү Тереза Абрахамсен дагы катышышты.


2015-жыл 26-август