Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев террорчуларды жок кылуу боюнча атайын операцияга катышкан УКМК кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар жана президенттик сааттар менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 25-августунда эл аралык террористтик уюмдун жоочуларын  жок кылуу боюнча контртеррористтик атайын операцияга катышкан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн  эрдиги жана каармандыгы үчүн “Эрдик” медалын, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын жана президенттик сааттарды тапшырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө  өлкөбүздүн жана анын жарандарынын  коопсуздугун камсыз кылуудагы милдеттерин так аткаргандыгы жана кесипкөйлүгү  үчүн жалпы кыргыз элинин атынан УКМК кызматкерлерине  ыраазычылык билдирди.

 “Атайын багыттагы жоокерлерди атайын операциянын жүрүшүндөгү аракеттери  абдан так ишке ашырылды деп эсептейм. Муну көрсөткүчтөр ырастап турат: төрт жоочу жок кылынып, террористтик топтун жети мүчөсү кармалды, курал-жарак, көптөгөн гранаталар жана курал-жабдуулар табылып, алынып коюлду. Негизгиси  террорчулар арам ойлорун ишке ашыра албай калды. Болбосо тынч элдин арасында көп  курмандыктар болушу ыктымал эле”,-деди Алмазбек Атамбаев.

“Атайын операцияга катышкан ар бир жоокер курман болуп калышы мүмкүн эле. Ал жерде  атайын аскердин төрт жоокери жарадар болду. Алардын бирин автоматты дээрлик такап туруп аткылашкан. Биздин өлкөбүздө  жарандарыбыздын  тынч турмушу жана жергебиздин бейпилдиги үчүн  өмүрүн курмандыкка чалчу тайманбас, эр жүрөк уулдарыбыз бар экендигине сыймыктанам. Мунун өзү эртеңки келечегибизге ишенимди арттырат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын жыйынтыктары  террористтик коркунучтардын деңгээли кыйла жогору экендигин көрсөтүп тургандыгын   белгиледи. “Улуттук коопсуздук органдары жарым жылдын аралыгында эле даярдык көрүү стадиясында  10 теракттын жана диверсиянын алдын алып, экстремисттик мүнөздөгү 40тан ашуун топторду аныктоого жетишишти. Мындай жагдай  УКМК органдарынын жана жалпы күч түзүмдөрүнүн иш-милдети арбып, жоопкерчилиги өсүп жаткандыгын туюндуруп турат. Ушул шарттарда террористтик жана экстремисттик көрүнүштөрдү аныктап, аларга жол бербөө иштерин ырааттуулук менен жүргүзүү үчүн  контртеррористтик ишмердиктин жетишкен динамикасын бекемдөө зарыл экендиги талашсыз”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштү мындан ары күчөтүүнүн, ошондой эле өлкөбүздүн жарандарына каршы багытталган  кылмыштарды аныктоонун, алдын алуунун жана бетин ачуунун маанисин баса белгиледи.

Президент  мамлекет мындан ары дагы УКМК кызматкерлерин социалдык камсыз кылуу, турак-жай куруу жана чекисттердин социалдык статусун коргоо боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бураарын баса белгиледи. “Мамлекет  өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнө таптакыр башкача мамиле жасап жатканын көрүп турасыздар. Кийинки кезде алардын кадыр-баркы жана аброю  сезилерлик көтөрүлө баштады”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы УКМК кызматкерлерине чың ден-соолук, бакыт-таалай жана кызматтарына ийгилик каалады.

Иш-чара соңунда Президент Алмазбек Атамбаев  эл аралык террористтик уюмдун жоочуларын  жок кылуу боюнча контртеррористтик  атайын операцияга катышкан УКМК кызматкерлерине  “Эрдик” медалын, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын жана президенттик сааттарды тапшырды.

2015-жыл 25-август