Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппаратынын жетекчиси Темир Джумакадыров Японияда билим алуу үчүн тандалган JDS долбоорунун стипендиаттары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентининин Аппаратынын жетекчиси Темир Джумакадыров 14-августта Япониянын университеттеринде билим алуу үчүн тандалган JDS долбоорунун стипендиаттары менен жолугушту.

Темир Джумкадыров конкурста жеңишке жеткен “Кадрларды даярдоо үчүн стипендия берүү” долбоорунун 9 тобунун стипендиаттары болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди куттуктап, Японияда алган билими менен Кыргызстанга кайтып келип, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошооруна ишенимин билдирди.

“Биз жаштарга мыкты билим берүүнү максат кылабыз, бул демек, аларга татыктуу келечек тартуулоо. Билимдүү адам гана жаратман боло алат, жаңы нерсени кура алат. Адамдар – өлкөбүздүн негизги байлыгы”, - деген Темир Джумакадыров бул милдет 2013-2017-жылдарга карата Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясында чагылдырылгандын кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Президентинини Аппаратынын жетекчиси JDS долбоору аркылуу гранттык негизде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат үчүн кадрларды даярдоого көмөк көрсөтүп жаткан Япониянын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Иш-чарага КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бактыбек Сагынбаев, КРдагы Япониянын Атайын жа Толук ыйгарымдуу элчиси Такаюки Коикэ, Япониянын эл аралык кызматташуу боюнча Агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Такаюки Ояма, КРдагы JDS долбоорунун менеджери Юми Секигучи жана долбоордун стипендиаттары катышты.
Маалымат: JDS долбоору – Япониянын Кыргызстанга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат үчүн кадрларды даярдоодо көмөк көрсөтүүсүнө багытталган долбоор. JDS долбоору жыл сайын Кыргыз Республикасынын 15 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерине Япониянын алдыңкы университеттеринде англис тилинде билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Жогорку окуу жайды бүткөндөргө магистр даражасы берилет.
Окутуу коомдук башкаруу, эл аралык мамилелер, маалымат-коммуникация технологиясы, экономика, айыл-чарба ж.б. тармактарды камтыйт. Долбоор башталган 2006-жылдан бери Кыргызстандан 131 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерден турган 8 топ жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө 99 стипендиат диссертациясын жактап, магистр даражасына ээ болуп, Кыргызстанга кайтып келишти.

2015-жыл 14-август