Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

 Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-августта Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

 Жолугушуунун жүрүшүндө Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) уставдык органдарынын сентябрда боло турган отурумдарына карата даярдыкка байланышкан суроолор талкууланды.  

 Президент Алмазбек Атамбаев жана ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа ошондой эле ЖККУнун ишмердүүлүгүнө тийиштүү маселелерди, анын ичинде Кыргызстан менен уюмдун региондогу коопсуздукту камсыз кылууда өз ара аракеттешүүсүнүн ар кыл багыттарын талкуулашты.

2015-жыл 15-август