Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинге Кытай жарандарынын өлүмүнө алып келген Тяньцзинь шаарындагы кайгылуу окуяга байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-августта Кытай Эл Республикасынын Төрагасы  Си Цзиньпинге Кытай жарандарынын өлүмүнө алып келген Тяньцзинь шаарындагы кайгылуу окуяга байланыштуу көңүл айтты.

Мамлекет башчысынын телеграммасында : “Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, жабырлануучуларга эртерээк сакайып кетишине тилектештигибизди билдирип коюңузду өтүнөм”, - деп айтылат.

2015-жыл 15-август