Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-августта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына мамлекеттик чек арадагы жалпы абал тууралуу, чек араны коргоо жана кайтаруу, ошондой эле канаатташ жайгашкан чек араларды бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

 Ошондой эле Раимберди Дүйшөнбиев Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын  кыргыз-казак участкасындагы бажы көзөмөлүн  алып таштоого байланыштуу көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

 Жолугушууда мындан тышкары Мамлекетик чек ара кызматынын коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен кызматташуусун кеңейтүү маселелери талкууланды.

2015-жыл 14-август