Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев басма сөз үчүн билдирүү жасашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 12-августта мамлекеттик чек аранын  кыргыз-казак участкасындагы бажы контролун  алып таштоо аземи аяктагандан кийин телекөпүрө аркылуу  жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты.

Президент Алмазбек Атамбаев  өз билдирүүсүндө  бүгүн маанилүү тарыхый окуя болгондугун: Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирлигине катышуусунун алкагында ЕАЭБ бардык катышуучу-мамлекеттеринин ортосунда товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчүнүн  эркин жылып жүрүшү үчүн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда чек ара ачылгандыгын белгиледи. “Казак менен кыргыз эли – бир тууган, ошондуктан биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда бажы, тосмолор жана чек ара болбошу керек”, - деди Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчысы аземдин катышуучуларын  мамлекеттик чек аранын  кыргыз-казак участкасындагы бажы контролунун  алынып ташталышы менен куттуктап,  толук масштабдуу регионалдык интеграция Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгиледи.

Президент Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу  кызматташууну  өнүктүрүүдөгү бул окуянын маанисин баса белгилеп, иш чарага катышкандыгы үчүн  Нурсултан Назарбаевге  ыраазычылык билдирди. “Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин бажы контролун алып таштоо аземине катышышы бул окуянын тарыхый маанисин далилдеп турат”,-деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев бажы контролунун алынышы жалпы Кыргызстан элине, өзгөчө Ысык-Көл облусунун жашоочулары үчүн маанилүү окуя экендигин кошумчалады. «Нурсултан Назарбаев Алматыдан Ысык-Көлгө чейин жол куруу идеясын колдоду. Бул Казакстандын жарандары үчүн Алматыдан Ысык-Көлгө чейинки жолду эки эсеге кыскартууга мүмкүнчүлүк берет», - деди Алмазбек Атамбаев.

Бүгүнкү окуяга кайрылып, Мамлекет башчысы анын символдуулугуна көңүл бурду. «Биз «Ак жол» деп аталган өткөрмө пунктунда чек араны ачып жатабыз. Бүгүнкү чек аранын ачылышы биздин өлкөлөр үчүн туруктуу өнүгүүгө карай ийгиликтүү жасалган жаңы  кадамдын башталышы болуп калсын», - деп сөзүн жыйынтыктады Президент. 

Казакстандын  Президенти Нурсултан Назарбаев өз билдирүүсүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участкасындагы бажы контролунун алынышы эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшүнө өбөлгө болоорун белгиледи.

 «Бажы контролунун алынып ташталышы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда бизнести, сооданы жандандырууга түрткү берет. Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында жетишкен  келишимдин шарттарын аткаруу менен  биз мындан ары дагы алдыга жылып, бул иштин жакшы жыйынтыктарын көрөбүз”,-деди Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын Президенти дүйнөдөгү кризиске карабастан, келечекте  бул бирлик ЕАЭБ катышуучу-мамлекеттеринин жыргалчылыгын арттырууга  алып келет деген пикирин билдирди.

Сөзүнүн соңунда Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элине бакубатчылык, ийгилик жана бакыт-таалай каалады.

 
2015-жыл 12-август