Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участкасындагы бажы контролун алып таштоо аземине катышышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев  бүгүн, 12-августта Ысык-Көл областындагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда телекөпүрө аркылуу  мамлекеттик чек аранын  кыргыз-казак участкасындагы бажы контролун  алып таштоо аземине катышышты.

Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын  кыргыз-казак участкасындагы бажы контролун  алып таштоого буйрук беришти.

Телекөпүрө Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борбору менен “Ак Жол” жана “Кордай” контролдук-өткөрмө пункттарынын ортосунда өткөрүлдү.

“Ак Жол” жана “Кордай” контролдук-өткөрмө пункттарындагы салтанаттуу аземди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев менен Казакстан Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Бакытжан Сагинтаев өткөрүштү.

2015-жыл 12-август