Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-августта Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга иш сапар менен келген Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Мамлекет башчылары жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, боордош эки өлкөнүн ортосунда өз ара кызыгуу жараткан ар кыл тармактарда кызматташуунун келечегин талкуулашты.

“Сиз менен жолугушуу мен үчүн чоң кубаныч. Сиздин колдооңузга дайыма ыраазымын.  Казак менен кыргыз – боордош эл, ошондуктан биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда эч кандай чек ара, өз ара  кызматташууда эч кандай тоскоолдуктар болбош керек. Бүгүн  биз үчүн тарыхый окуя болот, ал окуя элдерибизди мындан дагы жакындаштырат”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Казакстандын Президенти  Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин мамлекеттик чек аранын  кыргыз-казакстандык участкасындагы бажы контролунун  алынышы менен куттуктады. “Биз Кыргызстан элине  тынчтык, туруктуулук жана байгерчилик каалайбыз. Казакстан мындан ары дагы  бир тууган өлкөгө ар тараптуу  колдоо көрсөтөт”, - деп билдирди Нурсултан Назарбаев.

Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташуунун бийик деңгээлине токтолуп,  эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташууну эң жогорку деңгээлде улантуунун зарылчылыгын баса белгилешти.

2015-жыл 12-август