Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев иш сапар менен Кыргызстанга келди

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 11-августта иш сапар менен Кыргыз Республикасына келди.

Казакстандын Президентинин учагы Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна келип конду, ал жерден Нурсултан Назарбаевди Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев тосуп алды.

Иш сапардын алкагында, эртең, 12-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Мамлекет башчылары кыргыз-казак кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Нурсултан Назарбаев Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борбору менен “Ак Жол” контролдук-өткөрмө пунктунун ортосундагы телекөпүрө аркылуу мамлекеттик чек аранын  кыргыз-казак участкасындагы бажы контролун  алып таштоо аземине катышышат.

 

 
2015-жыл 11-август