Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

2015-жылдын 7-августунда Казакстандагы автокырсыкта каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан Кыргызстандын жарандарына материалдык жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 7-августунда Казакстан Республикасынын Мойынкум районундагы “Алматы-Екатеринбург” автожолунда болгон автокырсыкта каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 700 000 (жети жүз миң) сом материалдык жардам бөлдү. 

Автокырсыкта жабыр тарткан үчөө жана каза тапкан төрт адамдын үй-бүлөсү көрсөтүлгөн суммадан 100 000 (жүз миң) сомдон материалдык жардам алышат.

2015-жыл 10-август