Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Кыргызстандагы Элчиси Гудрун Мария Срэганы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-августта Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Гудрун Мария Срэганы анын мамлекеттеги дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Элчиге Кыргызстандагы жемиштүү ишине ыраазычылык билдирип, ишмердүүлүгүнүн учурунда мамлекеттеги демократиялык принциптерге негизделген башкаруунун жаңы системасын түзүү сыяктуу маанилүү өзгөрүүлөргө күбө болгондугун айтып, ошону менен бирге кыргыз-герман кызматташтыгынын бекемделишине ар дайым түрткү берип келгендигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы мамилелердин кескин жакшырышында, эки тараптуу кызматташууну жаңы сапаттык деңгээлде өнүктүрүүдө, ар кыл тармактарда конкретүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууда, ошондой эле жогорку деңгээлдеги кыргыз-герман байланыштарынын ыкчам активдешүүсүндө Элчинин жеке ролун белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Гудрун Мария Срэга Кыргызстанда акыркы жылдары ишке ашырылып жаткан реформалар менен өзгөрүүлөрдү оң баалап, мамлекет туура жолдо ишенимдүү баратат деп белгиледи.

Мамлекет башчысы Германия Кыргызстандын Европалык кеңештеги анык стратегиялык өнөктөшү болуп калгандыгын баса белгилеп, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн зор мааниге ээ милдеттерди ишке ашыруудагы маанилүү союздашы деди.

Президент Алмазбек Атамбаев Элчи Гудрун Мария Срэгага жаңы кызматында ийгиликтерди  каалап, ГФРнын Федералдык Президенти Йоахим Гаук менен ГФРнын Федералдык Канцлери Ангела Меркелге салам жолдоп, жакшы каалоо-тилектерди узатты.

2015-жыл 7-август