Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КРнын Салык кодексине жана Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана  Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктар боюнча төлөмдөрдү жана патенттин негизинде төлөнүүчү салыктарды чогултуу укугун берет. Бул:

- салык төлөөчүлөр үчүн салык төлөөдө ыңгайлуу шарттарды түзөт;

- банк мекемелери жок алыскы жана барууга кыйын калктуу конуштардагы өз алдынча башкаруу органдарына Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте салык төлөөчүлөрдүн көрсөтүлгөн салыктарды төлөө эсебине накталай акча каражатын кабыл алуу укугун ченемдик бекитет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 7-август