Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесинде каралган тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасынын коддорун Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН) коддоруна шайкеш келтирүүгө багытталган.

Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 7-август