Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик визити аяктады

Бүгүн, 6-августта Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик визити аяктады.

Мамлекеттик визиттин алкагында  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ар кыл тармактагы кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын келечектеги артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу 15 документке кол коюлду. Мамлекет башчылары ошондой эле басма сөз үчүн тийиштүү билдирүү жасашты.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Президент Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 6-августта Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим этишти.

Бүгүн Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Мекенине узатты. «Манас» Эл аралык аэропортундагы узатуу аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү жана башка расмий өкүлдөр катышты.

 
2015-жыл 6-август