Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жана Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов басма сөз үчүн билдирүү жасашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 5-августта сүйлөшүүлөр аяктаган соң басма сөз үчүн билдирүү жасашты.

Президент Алмазбек Атамбаев жолугушуу достуктун жылуу маанайында өттү деп белгиледи. “Президенттин мамлекеттик визити – бул Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы мамилелердин жаңы этабы экендигин түшүнөбүз”, - деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 15 документке кол коюлгандыгын эске салып, бул кыргыз-түркмөн мамилелеринин активдешкендигинин далили деди.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстандын тийиштүү мамлекеттик органдарына Ысык-Көл областында беш жылдыздуу мейманкананы куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча тапшырмасын бергендигин айтты. “Бул биздин сөздөн ишке өткөндүгүбүздүн далили,” – деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушууну жыйынтыктап, Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Түркмөнстан эки тараптуу кызматташууну мында ары бекемдөөгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Сөзүнүн аягында Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга жасаган визити үчүн Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык билдирди.

Андан ары Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов кайрылуу менен чыгып, Кыргызстан менен Түркмөнстан соода-экономикалык, отун-энергетикалык, транспорт жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун тереңдешине кызыкдар экендигин белгиледи.

 

 
2015-жыл 5-август