Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КЭРнын Төрагасы Си Цзиньпинди Пекиндин 2022-жылдагы Кышкы Олимпиада оюндарынын борбору болуп тандалышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди Пекиндин 2022-жылдагы Кышкы Олимпиада оюндарынын борбору болуп тандалышы менен куттуктады.

«Сиздин мамлекет дүйнөлүк масштабда талашсыз авторитетке ээ, ал эми Кытайдын учурдагы жетишкендиктери  Сиздин да жеке ийгилигиңиз деп бекем ишенем”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Мамлекет башчысы 2008-жылы жайкы Олимпиаданын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, 2022-жылдагы Олимпиада да кышкы оюндардын тарыхында татыктуу жана ажайып кооз окуя болуп калаарына ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпинге бекем ден-соолук, кытай элинин бейпилдиги жана өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик кызматында чоң ийгиликтерди каалады.

2015-жыл 4-август