Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Айыл-чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Айыл-чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – банктар менен каржылык-кредиттик адистешкен мекемелердин айыл-чарба багытындагы жерлерге убактылуу менчик укугунун мөөнөтүн кыскартуу, мурда берилген кредиттерди камсыздоо катары сатып алуу, алып коюу жана өткөрүп берүүдөн улам банк тарабынан алынган кыймылсыз мүлктү кармоонун мөөнөтүн кыскартуу. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 3-август