Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн реформалоо жана аскердик даярдыгы тууралуу маалымат берилди.

Асанбек Алымкожоев ошондой эле коргонууну камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын өз ара аракетин, каражаттарды биргелешип колдонуу жана пландоону уюштуруу тутумун жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш жөнүндө да айтты.   

Тактап айтканда, Башкы штабдын начальниги Мамлекет башчысына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын каатчылык кырдаал жаралып калган жагдайда өз ара аракетинин Планы иштелип жаткандыгын билдирди. 

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрдү реформалоонун, ошондой эле каатчылык кырдаал жаралып калган жагдайда бирдиктүү борбор - Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчилигинде так жана натыйжалуу иштей турган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өз ара аракетинин тутумун иштеп чыгуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 
2015-жыл 3-август