Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Индиянын экс-президенти Абдул Камалдын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Индиянын Президенти Пранабу Мукерджиге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Индия Республикасынын экс-президенти, белгилүү окумуштуусу жана мамлекеттик ишмери, доктор Абдул Камалдындүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Индия Республикасынын  Президенти Пранабу Мукерджиге көңүл айтты.

“Анын Индиянын космостук изилдөөлөрүнүн жана коргоо технологияларынын өнүгүүсүнө кошкон баа жетпес салымы, ошондой эле саясий жана илимий-гуманитардык ишмердүүлүгү толугу менен өзүнүн мамлекетине жана Индиянын элине кызмат кылууга арналган”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына, ошондой эле жалпы Индия элине терең кайгыруу менен көңүл айтты.  

2015-жыл 31-июль