Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Нурсултан Назарбаевди Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казак Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кошулуусу жөнүндө Протоколго кол коюлушу менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммада Мамлекет башчысы дээрлик 20 жылдык сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө так коюлган милдеттерге таянып, мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алуу менен өзүнүн позициясын жактап келген Казакстан үчүн бул маанилүү тарыхый окуя деп белгиледи.

“Жыйынтыгында Казакстан көптөн бери күткөн глобалдык соода системасына ыңгайлуу шарттар менен кирүү максатына жетти. Ошондой эле Казакстандын Евразиялык экономикалык бирликтин жана ДСУнун талаптарын максималдуу айкалыштырууга жетише алгандыгы кубандырат, бул өлкөнүн мындан ары стабилдүү экономикалык өнүгүүсү үчүн олуттуу мааниге ээ», - деп айтылат Президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунда.

Мамлекет башчысы Казакстандын ДСУга мүчөлүгү эки өлкөнүн элдеринин бекем достугунда, ынак коңшулук жана бир туугандык мамилелеринде негизделген мамлекеттер  ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө мындан ары да түрткү берет деген ишеничин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгилик, ал эми боордош Казакстан элине - тынчтык жана бейпилдик каалады.

2015-жыл 31-июль