Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ош областындагы Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын айрым калктуу конуштары айыл категориясына киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - калк  тыгыз отурукташып, тийиштүү деңгээлде калыптанып калган калктуу конуштарды сактоо жана өнүктүрүү үчүн шарт түзүү, ички миграцияны кыскартуу, ошондой эле мамлекеттин администрациялык-аймактык түзүлүшүн ирээтке келтирүү.

Ушул максатта, кабыл алынган Мыйзамга ылайык Ош областындагы Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Ак-Буура-1, Ак-Буура-2, Ак-Буура-3, Ак-Буура-4, Камыр-Суу, Жар-Башы, Чычкан-Кол, Андагүл, Жаңы-Турмуш калктуу конуштары айыл категориясына киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 31-июль