Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты - багыты боюнча пайдаланылбаган мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик, муниципалдык имараттарды кайтарууну талап кылуу доонун эскирүү мөөнөтүн жоюу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 31-июль