Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Билим жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-июлда Билим жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин учурда аткарып жаткан иштери жана билим тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымат берилди.

Тактап айтканда, Эльвира Сариева жогорку окуу жайларынын тармактарын оптимизациялоо жаатында жана мамлекеттик ЖОЖдордун уюштуруу-башкаруу структурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. “Юридикалык статусу бар 23 институтту жабуу боюнча чаралар көрүлдү. Бул ишти аягына чыгаруу үчүн мамлекеттин жогорку окуу жайлары 2015-жылдын 1-сентябрына чейин кайра каттоо иштерин жүргүзүүгө милдеттүү”, - деди министр.

Андан тышкары, Эльвира Сариева маалымдагандай, Жалпы республикалык тестирлөөнүн чектик баллы бирдиктүү 110 балл болуп аныкталгандыгы абитуриенттердин даярдык деңгээлин жогорулатты жана бюджеттик орундарга окууга өткөндөрдүн саны былтыркы жыл менен салыштырганда 30 %га жогорулады.

Президент Алмазбек Атамбаев билим тармагындагы реформалардын маанилүү экендигин белгилеп, реформалардын натыйжасында билимдин сапатын жогорулатуу, ата-мекендик илимдин өнүгүшү жана жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоо үчүн шарттардын түзүлүшү керектигин билдирди.

 
2015-жыл 31-июль