Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө”, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам камсыздандыруу мүнөзүндө болбогон үстөк акыларды төлөп берүүгө республикалык бюджеттен чыгымдарды оптималдаштырууга багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.