Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – ишкерлер үчүн улуттук валютада жеңилдетилген финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу.

Мыйзам расмий жарыяланган  күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 29-июль