Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «РусГидро» ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды

2015-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «РусГидро» ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет Башчысы Жогорку-Нарын ГЭСтер кыркасынын кубаттуулук берүүчү объектилерин жана курулмаларын көтөрүү боюнча курулуш иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат алды.

Евгений Дод Жогорку-Нарын ГЭСтер кыркасын куруу иштери «РусГидро» ААК каражаттарынын эсебинен  улантылып жатканын кабарлады.  «Учурдагы кырдаал тууралуу Сиздин өзүңүзгө баяндоо мен үчүн өтө маанилүү. Бул жылга мурда бөлүнгөн каражаттарга кошумча дагы 1 млрд. рубль бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошондуктан курулуш иштерин кеңейтүү күтүлүүдө. Сизге жана Владимир Владимировичке айтылган мөөнөттөр алгачкы эки станция боюнча аткарылат. Азыр биз белгиленген мөөнөттөрдү сактап келатабыз, иш өз убагында бүтөрүнө ишенем», - деди Евгений Дод.

«РусГидро» ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы бардык долбоорлоо иштери жана жумушчу документтерди даярдоого жана финансы каражаттарын табууга байланыштуу пландар быйыл толук ишке ашарын билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу ишинде чоң мааниси бар Жогорку-Нарын ГЭСтер кыркасынын гидроэлектрстанцияларын көтөрүү боюнча бардык курулуш иштерин мурда белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү зарылдыгын белгиледи. 

 
2015-жыл 27-июль