Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону 2015-жылдын 4-октябрына дайындады

Бүгүн, 2015-жылдын 25-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы  Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону 2015-жылдын 4-октябрына  дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берүү, ошондой эле  шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту коргоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтаруу, алардын өрт коопсуздугу жана шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоо жана кайтаруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу тапшырылды.

Ошондой эле Жарлыкка ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүшү керек.

Жарлык  “Эркин-Тоо” гезитине расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Жарлыктын толук тексти “Эркин-Тоо” гезитине 2015-жылдын 28-июлунда расмий жарыяланат.

2015-жыл 25-июль