Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Ички иштер органдары жөнүндө” Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган

Мыйзамдын максаты  Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө тартибин жана шарттарын өркүндөтүү болуп саналат.

Бул максатта “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө”  Мыйзамга төмөндөгүдөй   түзөтүүлөр киргилди:

1)ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги жана аларга дем берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставы менен жөнгө салынат;

2) ички иштер органдарынын окуу жайларындагы окуутуучулук кызмат орундарын ээлеп турган, илимий  наамы барлар  кызматта 60 жашка чейин иштөөгө акылуу;

3)ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ички иштер органдарында кызматта туруу  курагынын чеги  5 жылга  чейин узартылышы мүмкүн деген ченем алынып салынат;

4) ички иштер органдарынын кызматкерлеринин антынын тексти бекитилет;

5) кызматтык ишмердикти ишке ашырып жатып ички иштер органдарынын кызматкери курман болгон (өлгөн) учурда  курман болгон (өлгөн) адамдын  үй-бүлөсүнө же  анын багуусундагыларга  багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу пенсия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин  күчүнө кирет.

 
2015-жыл 24-июль