Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Саясый жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо тууралуу” Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Саясый жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо тууралуу” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына   өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген  түзөтүүлөрдө Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери, республикалык маанидеги шаардык кеңештердин төрагалары, облустук маанидеги шаардык кеңештердин төрагалары, облустук маанидеги жана райондук маанидеги шаарлардын, райондордун мэрлерине дагы мыйзамдын аракеттери  тиешелүү экендиги каралат.

Мыйзамда мындан тышкары саясый жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын жана алардын жакын туугандарынын  кирешелери, чыгашалары, милдеттенмелери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды камтыган декларацияны тапшыруу боюнча милдеттери белгиленет. Кирешелерди жана чыгашаларды декларациялоодон тышкары декларант кирешелерди табуунун булагын көрсөтүүгө милдеттендирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет.

2015-жыл 23-июль