Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эмгек кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты –  Кыргыз Республикасынын  Эмгек кодексинин айрым жоболорун “Кыргыз Республикасынын   Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамга шайкеш келтирүү, ошондой эле тексттердин мамлекеттик жана расмий тилдердеги редакцияларындагы дал келбестиктерди  жоюу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 23-июль