Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуну кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 23-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлют  Чавушоглуну кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түрк кызматташуусунун саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуу, ошондой эле эки тараптуу байланыштарды мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы өз ара урматтоо жана колдоо көрсөтүү боюнча калыптанган салтыбыз  Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы көп векторлуу кызматташууну чыңдоого жакшы өбөлгө түзүп жаткандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Түркиянын тышкы иштер министри  Мевлют Чавушоглу эки тараптуу кызматташуу  тарыхий боордоштуктун жана өз ара колдоонун маанайында өнүгүп, жогорку деңгээлдеги байма-бай байланыштын шарапаты аркасында биринчи кезекте саясый өз ара аракеттенишүү чөйрөсүндө бийик деңгээлге көтөрүлгөндүгүн белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Мевлют Чавушоглу  жогорку деңгээлде пикир алмашуу  түрдүү эл аралык бирикмелердин алкагында дагы ишке ашырылып, өнүктүрүлүп жаткандыгын  дагы белгилешти.

2015-жыл 23-июль