Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Сhina road and bridge corporation» компаниясынын башкы директору Лу Шаньды кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 22-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Сhina roadand bridge corporation» кытай компаниясынын жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча башкы директоруЛу Шаньды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы «Сhina road and bridge corporation» компаниясы өлкөдө аткарып жаткан иштери, тактап айтканда «Бишкек-Балыкчы-Казарман» альтернативалуу автомобиль жолунун, «Бишкек-Нарын-Торугарт», «Ош-Баткен-Исфана», «Ош-Сары-Таш-Иркештам» автожолдорунун курулушун жана Бишкек шаарынын көчөлөрүн реконструкциялоо боюнча  маалымат берди.

Лу Шань «Сhina road and bridge corporation» компаниясы үстүбүздөгү жылдын акырына чейин Ысык-Көлдү айландыра салынчу автожолдун жана “Түп-Кеген” автожолунун курулушунун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемелерин акысыз негизде бүткөрүп берет деп  кабарлады.  Ошону менен бирге Бишкекте компаниянын КМШдагы өкүлчүлүгүнүн башкы офисин ачууну пландаштырып жаткандыгын айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев «Сhina road and bridge corporation» компаниясынын өкүлдөрүн курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаргандыгы үчүн ыраазычылык айтып, мындан ары дагы биргелешип жемиштүү иштешебиз деген ниетин билдирди.

Мамлекет башчысы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана транспорттук коридорлорду куруу  региондордун жана жалпы өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн  зор мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

2015-жыл 22-июль