Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Премьер-министр Темир Сариев менен кышка даярдык маселелерин талкуулады

Бүгүн, 2015-жылдын 22-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев менен энергетикалык сектордун кышка карата даярдыгы тууралуу маселелерди талкуулады.

Премьер-министр Мамлекет башчысына энергетикалык компаниялар даярдык көрүү мезгилинин негизги көрсөткүчтөрүн сактап жаткандыгы туурасында маалымат берди. Бишкек ЖЭБ реконструкциялоо, башка энергетикалык кубаттуулуктардын даярдоо, электр тармактарын, газтранспорттук инфраструктураны  алдын алуу жана ремонттоо, ошондой эле энергетикалык обьектилерге отун даярдоо белгиленген  пландарга  ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы туурасында маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Токтогул суу сактагычына суу топтоо, жаңы  кубаттуулуктардын курулушу боюнча иштердин абалы тууралуу маселелерге өзгөчө көңүл бөлүндү. Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи блогунун курулушун аяктоого Кыргызстанга 100 млн.АКШ долларлык кредит бөлүү тууралуу Европа банкынан  жакшы бүтүм келгендиги белгиленди.

Ошого байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөткө  бул кредитти алыш үчүн бардык тиешелүү жол-жоболорду аяктап, кредитти  рационалдуу пайдаланууну камсыз кылууга милдеттендирди. Ошону менен бирге кредитти алаар менен гидростанциянын курулушун дароо киришүү максатында жакынкы аралыкта ички каражаттардын эсебинен 50 млн.сом өлчөмүндө каражат таап, Камбар-Ата ГЭС-2 даярдык көрүү иштерин баштоого тапшырма берди.

Президент   калктын жана Кыргызстан экономикасынын электр энергиясына, газга, жакшы сапаттагы көмүргө улам өсүп бара жаткан талаптарын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыз кылуунун маанисин дагы бир баса белгиледи.

2015-жыл 22-июль