Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек-Балыкчы жолунун участогунун ачылыш салтанатына катышты

Бүгүн, 2015-жылдын 22-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек-Балыкчы жолунун участогунун ачылыш салтанатына катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы өлкөбүздө жол курулушуна өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи. “Бүгүнкү күндө өлкөдө жолдор абдан активдүү курулуп жатат. Ош-Сары-Таш-Иркештам жана Карамык автожолунун курулушу толугу менен аяктады, Ош-Баткен-Исфана автожолун каржылоо толугу менен бүттү. Эң чоң долбоорлордун бири Бишкек-Нарын-Торугарт аяктоо алдында. Түндүк-Түштүк стратегиялык трассасы, Тараз-Талас-Суусамыр жана Исфана-Сүлүктү-Ходжент автожолдору курулуп жатат”, - деди Алмазбек Атамбаев. – Быйыл биз миллиард сомго жакын каражат таптык. Ушул акчага бардык облустук. райондук борборлордо жана шаарларда жолдорду ремонттоо иштери башталат. Эгемендик жылдарында бул  алгачкы ирет жасалып жаткан иш. Буйруса, мындай ишти ырааттуу негизде уланта беребиз.”

“Биз бүгүн катышып олтурган Кувакы-Балыкчы жолунун участогу  курулуп жаткан “Бишкек-Балыкчы” автожолунун бир бөлүгү”, - деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  Кыргызстанда  автожолдорду куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп жаткандыгы үчүн Кытай Эл Республикасынын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кувакы-Балыкчы участогу дагы бир стратегиялык долбоорго – альтернативдүү «Бишкек-Балыкчы-Казарман» автожолуна түздөн түз тиешеси бар экендигин баса белгиледи. “Балыкчы-Түп-Кеген жаңы автотрассанын курулушун долбоорлоп ишке ашыргандан кийин бул альтернативдүү жол Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарын гана өз ара байланыштырбастан, Кыргызстанды Казакстан менен дагы бириктирет”, - деп Президент, бул жагдай Кыргызстанга транзиттик өлкө болууга, транспорттук туюктан чыгууга шарт түзөөрүн белгиледи.

Мамлекет башчысы жолдун курулушу ишкердикти жана сооданы өнүктүрүүгө катуу түрткү берип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөнүн түндүгүндө дагы, түштүгүндө дагы инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүүгө дем  берээрин баса белгиледи.

Сөзүнүн соңунда  Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды жолдун ачылышы менен куттуктады. “Ылайым ушул жаңы жолдор ынтымакка жана биримдикке, элибиздин жыргалчылыгына жана мамлекетибиздин гүлдөп өнүгүшүнө кызмат кылсын”, - деди Алмазбек Атамбаев.

 
2015-жыл 22-июль