Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга Шанлыурфа провинциясынын Суруч районундагы терактка байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2015-жылдын 21-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга Шанлыурфа провинциясынын Суруч районундагы тынч жарандар каза болгон терактка байланыштуу көңүл айтты.

“Бул укмуштуудай трагедияга Кыргызстан элинин үрөйү учуп, боордош Түркия эли менен бирге кайгырууда”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайрат айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин каалаган сөздөрүн жолдоду.

2015-жыл 21-июль