Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Данияр Нарымбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2015-жылдын 20-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Нарымбаев Данияр Ильичти өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси кызматынан бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Арыздын тексти тиркелет:

«Кыргыз Республикасынын

Президенти

А.Ш. Атамбаевге

 

Арыз

 

Жогорку Кеңештин депутаты Х.З. Коркмазовго байланыштуу кылмыш ишин тергөө жана бул кылмышка менин тийешем бар экендиги тууралуу сөздөрдү төгүндөө белгилүү убакытты талап кылат. Бул шайлоо алдында Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин функцияларын аткарууну үзгүлтүккө учуратат. Буга жол берүүгө болбойт. Ушуга байланыштуу өзүмдүн ак экенимди жоопкерчилик менен билдирүү менен бирге мени өз каалоом боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси кызматынан бошотуп коюуну өтүнөм.

Сизди урматтоо менен,

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Аппаратынын Жетекчиси                                             Д.Нарымбаев».

 
2015-жыл 20-июль