Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши 2015-жылдын 18-июнунда кабыл алган.

Бул Мыйзам жашы жете элек балдардын алимент алууга укуктарын коргоо максатын көздөйт. Мыйзамда Үй-бүлө кодексинин 86-беренинин 4-пунктуна эч жерде иштебеген ата-энеден алынуучу алиментти эң аз эмгек акынын эмес, алимент кыркуу жөнүндө жарандык иш каралган жердеги орточо эмгек акынын суммасында белгилөө каралган өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн соң 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 18-июль