Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды

Бүгүн, 2015-жылдын 18-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет Башчысы улуттук коопсуздук комитетинин күндөлүк иштери, ошондой эле учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат алды.

Бусурманкул Таабалдиев 2015-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында УКМКнын атайын багыттагы бөлүгү тарабынан ишке ашырылган эл аралык террордук уюмдардын жоочуларын жок кылуу боюнча  контртеррористтик операция жөнүндө айтып берди. «Атайын операциянын жүрүшүндө 4 жоочу жок кылынып, 7 террорчу кармалды, тергөө иштери жүрүп жатат. УКМКнын 4 кызматкерлери жараат алышты, азыр алардын ден соолугу канааттандырарлык абалда. Көп сандагы курал жана ок-дарылар тартылып алынды», - деп билдирди Бусурманкул Табалдиев.

Президент Алмазбек Атамбаев атайын операцияга катышкан УКМКнын атайын бөлүгүнүн жоокерлерин мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү, ошондой эле жарадар болгондорду зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз кылып, аларды медициналык тейлөөнү өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Бул максаттарга мамлекет Башчысы акча каражаттарын бөлдү.

Мамлекет Башчысы террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү, өлкөгө жана анын жарандарына каршы багытталган ушул сыяктуу кылмыштардын бетин ачып, тамырын кыркуу боюнча УКМКнын ишмердигин мындан ары да күчөтүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

2015-жыл 18-июль