Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль-Нахаян Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Бириккен Араб Эмираттарынын  Президенти Халифа Бин Заед Аль-Нахаян  Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин  Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Жараткандан  ушул майрам  Сизге бакыт-таалай, чың ден-соолук, достук мамиледеги элибизге  Сиздин акылман жетекчилигиңиз алдында  бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү, биздин араб жана ислам элдерине  даңк жана улуулук алып келсин деп тилейм”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

2015-жыл 16-июль