Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Тажикстан  Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон  Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин  Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктто телеграммасында Тажикстандын  Президенти Эмомали Рахмон   эки мамлекеттин жана элдин ортосундагы мамилелерге мүнөздүү болгон жана жалпы адамзаттык дөөлөттөргө негизделген, ыйык Ислам дини үгүттөгөн достуктун, өз ара урматтоонун салттары мындан ары дагы бекемделе берээрине  ишенимин билдирди.

“Жагымдуу жагдайдан пайдаланып, Улуу Урматтуу Сизге ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, достук мамиледеги Кыргызстан элине – тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деп белгиленет куттуктоодо.

2015-жыл 16-июль