Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркия  Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин  Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Орозо айт майрамы менен Улуу Урматтуу Сизди чын дилимден куттуктайм. Учурдан пайдаланып элимдин атынан жана жеке өзүмдүн атыман Сизге ден-соолук жана бакыт-таалай, ал эми бир тууган кыргыз элине бакубатчылык, гүлдөп өнүгүү жана бардык жакшылыктарды каалайм”, - деп белгиленет куттуктоодо.

2015-жыл 16-июль