Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Данияр Нарымбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин милдетинен четтетүү тууралуу арыз менен кайрылды

Бүгүн, 2015-жылдын 16-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевке  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев  Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазовко карата козголгон кылмыш ишин  териштирүү мезгилинде аны ээлеген кызматынан  четтетүү тууралуу  арыз менен кайрылды.

“Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазовко карата козголгон кылмыш ишин териштирүүгө байланыштуу жана басма сөздө менин кармалгандыгым жөнүндө маалыматтын  пайда болгондугуна байланыштуу, мага карата айтылган айыптоолорго тиешем жоктугу тууралуу билдирем. Ошону менен бирге,  иликтөөнүн жүрүшүнө таасир этиши мүмкүн деген шектенүүлөргө негиз бербеш үчүн кылмыш ишин териштирүү мезгилинин аралыгында мени Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин милдетин аткаруудан четтетүүңүздү Сизден өтүнөм”,- деп белгиленет Данияр Нарымбаевдин арызында.

2015-жыл 16-июль