Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 7-апрелинде  Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө  макулдашууну (электр менен жабдуунун отчеттуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоор) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы  министрлигине көрсөтүлгөн Макулдашуунун  күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы  тарабынан  аткарылганы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарлоо милдети тапшырылды

Мыйзам расмий жарыяланган  күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 16-июль