Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Евразия экономикалык бирликтин алкагында медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык  бирлигинин  алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер  министрлигине Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн макулдашууга кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган  Евразия экономикалык комиссиясына депонирлөө милдети тапшырылды.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим  күчүнө киргенден тартып, бирок 2016-жылдын 1-январынан эрте эмес күчүнө кирет.

2015-жыл 16-июль