Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани  Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Жараткандан  ыйык Орозо  айында - кечиримдүүлүктүн айында  күнөөлөрдүн бардыгын кечирүүнү жана кыйноолордон арылууну суранам. Ылайым мусулмандардын ырым-жырымын, окуган куранын  кабыл кылып,  дүйнө мусулмандарына  ар дайым тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү  тартууласын.

Сизге ден-соолук жана ийгиликтерди, жалпы Кыргызстандын достук мамиледеги  элине гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деп белгиленет куттуктоодо.

2015-жыл 16-июль