Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ирандын Президенти Хасан Роухани Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Иран  Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын эллин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Ыйык Орозо айт майрамы  адамдарды өзүнүн нукура табиятына кайрылып келүүгө чакырып, ар кандай  зордуктан, экстремизмден оолак болууга үндөйт. Ушул улуу майрамдын  шарапаты менен  жалпы мусулмандар өлкөлөрүнүн күч-аракети менен дүйнө жүзүнө, айрыкча мусулман коомчулугуна руханий дөөлөттөргө, сабырдуулукка жана акылкөйлүккө негизделген тынчтыкты, бейпилдикти жана туруктуу коопсуздукту жайылтууга  күбө болобуз деп үмүттөнөм.

Жараткандан Сизге ден-соолук жана ийгиликтерди, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана элине  бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү берсин деп тилейм”,- деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2015-жыл 16-июль